Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы  Көлмө конушунун Максат көчөсүндө жайгашкан китепкананын курулушун улантууда.

Долбоор көп функционалдуу 3 кабаттан турат, анда окуу жана абонемент залдары каралган. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, имараттын аянты-622,62 чарчы метр.

Долбоордун алкагында биринчи жана экинчи кабаттарда 78 окурманга ылайыкталган окуу залдары, кызматкерлер үчүн кабинет жана техникалык жайлар каралган.

Азыркы учурда котловандагы казуу иштери аяктады, катмарларды тыгыздоо жүргүзүлдү жана лабораториялык корутунду алынды. Пайдубалдын бетон негиздери куюлуп, биринчи жана экинчи кабаттарга тирөөч негиздери, калонна жана калкалар орнотулду.

Учурда 1-жана 2-кабаттарга кыш кыноо жүргүзүлүп, коммуникациялар: суу түтүгүнүн, канализация жана электр энергиясын өткөрүү үчүн орундары даярдалууда.

Подряддык уюм "Сапат Пром"ЖЧКсы иш алып барууда.