Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда.

Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты - 0,5714 га.

Имаратта  кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөрү, кампа,   медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык кабинет, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда темир-бетон каркастарын куруу иштери жана чатырын жабуу аяктап, кирпич коюу иштери улантылууда.

Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «AT Empire» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.