Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы курулуш компанияларына ушул жумадан баштап атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жууй турчу жабдууларды орнотууну жана колдонууну эскертет.

Көпчүлүк курулуш компанияларындагы кум, шагыл, топурак ташыган оор техникалар дөңгөлөктөрү булганган абалда көчөгө чыгып, шаар көчөлөрүн булгап, көрктөндүрүү эрежерелин бузууда.

Эске салсак, буга чейин муниципалдык инспекциянын инспекторлору курулуш компанияларына 1 жумалык мөөнөттө Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 8.20-пунктунун талабына ылайык курулуш техникасынын дөңгөлөктөрүн жууп тазалоочу жабдууларды  же пункттарды орнотуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү беришкен.

Негизги талаптардын бири-курулуш аянтчаларында дөңгөлөктөрдү жууган эстакадалар болушу керек жана объекттин кире беришине шагыл төшөлүшү шарт.

Көрсөтмөнүн талаптарын аткарбай, тартип бузгандарга КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча айып салынат. Айып пулдун суммасы юридикалык жактар үчүн 13 000 сомду, жеке жактар үчүн 3 000 сомду түзөт.