"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү борбор калаага отургуза  башташты.

Жазгы жоогазындардын ордуна жаркыраган жайкы петуния, сальвия, тагетес, алиссум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөр отургузулат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы 1 миллион 400 миң бир жылдык гүлдөрдүн ачык түстөрү борбор калаанын бардык аймактарында, тактап айтканда Жеңиш аянтында, Ала-Тоо аянтында, Эмен паркында, Пушкин көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Театралдык скверинде, Дене тарбия скверинде гүл ачат.