Бишкек шаарында 14-апрелде Аска-Таш мемориалдык комплексинен “Жаз деми” жарым марафону башталат.

Ошентип, бул жылы жарышка 3500 спортчу жана сергек жашоону сүйүүчүлөр катышат. Алар 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашат.

Кошумчалай кетсек, жарым марафондун алкагында 3 жаштан 13 жашка чейинки эң кичүү жөө күлүктөр үчүн “Балдар чуркоо”  жарышы болот.

Белгилей кетсек, Фучик көчөсүндө "Аскат-Таш" стеласынан "Манас" аэропортун көздөй 18 км аралыкта жарым марафон өткөрүү учурунда саат 8:00дөн 12:00гө чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет. Унаа кыймылы үчүн эки тараптуу жолдун чыгыш тилкеси ачылат.

Иш-чараны Бишкек мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен “Nomad Sport” коомдук бирикмеси уюштурууда.

Кошумча маалымат телефону: +996 554 600 707.