Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө  Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгындагы веложолду «Shanghai baishi huanuo Road Engineering Co» ишканасы пилоттук режимде үч түскө боёду.

Бишкек шаарынын мэриясы менен "Централ Эйжа Интернэшнл Девелопмент Компани" ЖЧКсынын кызматташтыгынын негизинде жүргүзүлдү.

Ар бир төшөлмөнүн техникалык көрсөткүчтөрү ар башка жана бааларынан да айырмаланат;

-кварц кум менен аралаштырылган жашыл полимер боёгу;
-үстүнкү катмары керамика гранулдары менен сары полиуретан суюк клей;
-кошулмасы полиуретан күлгүн сары боёк;

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор Бишкек шаарынын климаттык шарттарына ылайыктуу болсо, аталган технологияны борбор калааны көрктөндүрүү үчүн колдонуу боюнча белгиленген тартипте каралат.