Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын муниципалитетинде робототехника боюнча эл аралык чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Борбор калаанын башчысы мектеп окуучуларын 2024-жылдын 5-7-апрелинде Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) өткөн «РОБОТОТЕХНИКА 5.0» робототехникасы боюнча чемпионатта жеңиши менен куттуктады.

570 команда катышкан иш-чарада  №24 А.Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын робототехника командасы берилген беш байгенин ичинен бир байгеге ээ болду.

Мектеп окуучулары мэр Айбек Джунушалиевге өз колдору менен чогултулган механикалаштырылган роботтордун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Өз кезегинде шаар башчысы жаш роботчуларга ийгиликтерди каалап, ошондой эле  мектепке алардын жөндөмүн өнүктүрүү үчүн интерактивдүү панель  сатып алууга сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, мындай масштабда муниципалдык мектеп окуучуларынын катышуусу биринчи жолу болуп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы мектеп окуучуларын жеңиши менен куттуктап, аларга бардык аракетте колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирет.