Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү жана көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныктоону улантууда. Ошентип, борбор калаада беш курулуш компаниясы эрежени бузган.

Тизмеде төмөнкүлөр:

- Малдыбаев көчөсү, 277 дарегинде жайгашкан "Имарат Строй" ЖЧКсы курулуш таштандыларын белгиленбеген жерлерге таштагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115 - беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 23 000 сом айып салынды.
- Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги "Авента Строй" ЖЧКсы тарабынан мыйзам бузуулар катталган. Компаниянын кызматкерлери курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун өтүүчү бөлүгүнө зыян келтиришкен. Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык компанияга карата протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 23 000 сомду түздү;
- Топурак чыгаруу эрежелерин бузгандыгы үчүн "Алим Курулуш"ЖЧК жоопкерчилик тартат. Компанияга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 23 000 сом айып пул салынды;
- Жеңиш көчөсү, 263 боюнча Лебединовка айылында жайгашкан "Курулуш кызматтары" ЖЧКсына кирүү жолдорун өз алдынча курганы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча инспекторлор протокол түзүшкөн. Айып пулдун суммасы 17 000 сомду түздү;

Ошондой эле "Капстрой Кей Джи" курулуш компаниясы бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу үчүн 17 000 сом айып пул алды.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов проспектиси, 100/2 жайгашкан "Кыргыз Каганат" ЖЧК курулуш таштандыларын жыйноо боюнча жазма буйрук алган.

Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн курулуш компанияларына салынган айыптардын жалпы суммасы 103 000 сомду түздү.

Эскерте кетсек, муниципалдык инспекция тарабынан көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.