Борбордогу “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан, ушул жылдын 10-апрелинен тарта Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына байма-бай эмес (нерегулярный) тартипте маршруттук  каттам иштеп баштайт.

Каттамды тейлөө үчүн 10 даана кичи маршруттук унаа даярдалды. Алар күн сайын 12:00дөн тарта “Бишкек автобекетинен” чыгышат.

Жол кире акысы төмөндөгүдөй бекитилген:
Бишкек – Каракол – 450 сомов;
Бишкек – Бостери – 350 сомов;
Бишкек – Балыкчы – 300 сомов.

Билетти аралыктан онлайн сатып алууга болот. Ал үчүн төмөнкү номерлерге байланышуу зарыл: +996704190589, +996700981080

Жаңы ачылган маршуттук каттам байма-бай эмес каттам болуп эсептелет.

Республиканын аймагында автоунаа транспорту менен жүргүнчү ташууну уюштуруунун эрежесине ылайык, байма-бай эмес ташуулар (буйрутма, атайын, туристтик-экскурсиялык, коммерциялык) болуп бекитилген. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому)

Маалымат үчүн: “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы Алмата көчөсү менен шаарды айланып өткөн чоң жолдун кесилишинде жайгашкан.