Аба ырайынын жылышы менен бардык шаардык кызматтар шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жигердүү баштады.

Алсак, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Свердлов районунда Чүй проспектиси боюнча  Т.Айтматов көчөсүнөн 7 Апрель көчөсүнө чейин торшерлерди сырдап жатышат.

Биринчи май районунда Калыс-Ордо конушунда жана Тоголок Молдо сейил багында тирөөчтөр сырдалды.

Ушундай эле иштер Ленин районунда Дэн Сяопин проспектисинде  П. Лулумба көчөсүнөн   Фучика көчөсүнө чейин,  Масалиев көчөсүндө  Тыналиев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектине чейин иштер жүргүзүлдү.

Кошумчалай кетсек, Октябрь районунда Лев Толстой көчөсүндө   Ибраимов көчөсүнөн 7 Апрель көчөсүнө чейин тирөөчтөр сырдалды.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылууда. "Бишкекжарык" МИсинин балансында 17602 тирөөч бар.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Муниципалдык менчикке аяр мамиле жасап, көчөлөрдүн жарык берүүчү мамыларына жарнамалык брошюраларды чаптабоону, шаардык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз!