Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу жол тыгынын азайтуу үчүн башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

9-апрелде жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында 64 автоунаа айып короосуна токтотулду.

Алардын ичинен жол эрежесин бузуу менен токтотулган унааларга 64 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Эвакуатордун акысы 83 200 сомду түздү. 10 унаанын ээсине жеринен протокол түзүлүп, 10 000 сом өлчөмүндө айып чегерилди.

Башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү үчүн шаар бийлиги эвакуаторлорду сатып алды жана менчик эвакуаторлорду да ишке тартууда.  

Белгилей кетсек, атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерге жана көрктөндүрүү аймактарына токтотулган унааларга айып салынат жана эвакуация болот.

Рейддик иш-чараны калаа бийлигинин тиешелүү кызматтары Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы менен бирге уюштурууда.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы жана Кайгуул милициясы шаардагы муниципалдык жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларды аныктап, айып салууда.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар!

Унааларды тыюу салынган жана жашыл аймактарга токтотпоону өтүнөбүз. Болбосо, унаа эвакуация болот жана айып салынат.