2024-жылдын 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында 6-апрелде Бишкек шаарында ишембилик өткөрүлдү.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы ишембиликтен кийин таштанды чыгаруу иштерин улантууда.

Бул татаал иште коммуналдык кызматтар зор жардам көрсөтүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Ошентип, Тазалык ишканасына төмөнкү муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жана  атайын техникалар жардам көрсөтүүдө:
- «Бишкек жашыл чарба» – бригадалары менен 8 борд, 2 жүктөгүч;
- «Бишкекасфальтсервис» – 2 даана HOWO жүк ташуучу унаа;
- «Бишкек санитардык полигон» – 2 даана HOWO жүк ташуучу унаа;

Мындан тышкары, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери да таштандыларды «чыгарууга» жардам беришүүдө. Линияда башкармалыктын 6 борду бар. “Бишкек жылуулук энерго” да четте турбай – линияга 2 атайын техника чыгарган.

Бүгүнкү күндө борбор калаанын 73 көчөсүнөн таштанды чыгарылды. Акыркы 3 күндүн ичинде төмөнкү таштандылар чыгарылды:

- Ленин району – 156 тонна;
- Биринчи май району – 102 тонна;
- Свердлов району – 208 тонна;
- Октябрь району — 124 тонна.