"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы коопсуздук жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Иш-чарага "БТБ" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров,  Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле ишкананын кызматкерлери катышты.

МККБнын кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча маалыматтык брифинг өткөрүп, троллейбус айдоочуларын жүргүнчүлөрдүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол эрежелерин сактоого чакырышты.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору ишкананын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип, коллектив менен келечектеги пландарды жана милдеттерди талкуулады.

Жыйындын алкагында ак ниет эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн татыктуу сыйлыктарга ээ болгон айрым айдоочулар жана башкармалыктын кызматкерлери белгиленди.