Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиев менен АКДНдин  Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазалдын жолугушуусу  өттү.

Борбор калаанын башчысы Ага Хан Фонду өнүктүрүү уюму менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, муниципалитеттин көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Айбек Джунушалиев 2024-жылдын сентябрь айына белгиленген тажрыйба алмашуу боюнча Мэрлердин форумун уюштурууда кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Жыйында борбордун жашыл фондун жакшыртуу (реновация) талкууланып, өз кезегинде Баркат Фазал АКДН Биринчи май районуна көчөттөрдү отургузганын кошумчалады.

Мындан тышкары тараптар жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалитеттин ишин жана бул багытта кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.