Биринчи май акимчилигинде балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекованын катышуусунда өткөрүлдү.

Балдар арасындагы укук бузууларга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жардам көрсөтүүгө  байланышкан 16 материал каралды.

Комиссиянын курамына саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо органдары, социалдык коргоо жана бейөкмөт уюмдардын  адистери киргизилген.

Белгилей кетсек, отурум жума сайын өткөрүлүп, балдарды коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүгө системалуу мамиле жасалат. Комиссиянын ишинин маанилүүлүгү балдардын бакубаттуулугу маселелери муниципалдык бийлик үчүн артыкчылыктуу болуп санала тургандыгы менен баса белгиленет.

Балдарга карата зордук-зомбулукка кабылган учурда шаардыктар борбор калаанын балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо бөлүмдөрүнүн ишеним телефондоруна кайрыла алышат:

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка күбө болсоңуз, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн ишеним телефонуна кайрылыңыз: 0 (312) 67-03-86, ошондой эле балдарга жардам берүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.