Бишкек шаарында «Газпром» балдар үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Аталган майрамдык иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, КР Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт жана дене тарбия департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.

Белгилей кетсек, турнир шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлеринин арасында спорттун 3 түрү боюнча өттү:
- кичи футбол;
- дартс;
- стол тенниси.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Мындан тышкары, спорт адистери Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата, ошондой эле ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт жана дене тарбия департаментинин "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгилери, Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары, КРнын Улуттук олимпиада комитетинин, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.