2024-жылдын 3-4-майында Бишкек шаарында БААУда “Коопсуз транспорт – куугунтукка каршы инновациялар” аттуу эки күндүк хакатон өтөт.

Хакатондун негизги максаты-сексуалдык зомбулуктун алдын алуу жана аялдарды жана балдарды (кыздарды) коомдук транспортто коопсуз ташууну камсыз кылуу үчүн эң мыкты инновациялык жана санариптик чечимдерди табуу болуп саналат.

Иш-чарага 100дөн ашык адам катышат, анын ичинде 10 катышуучу команда.

Хакатондун алдында командалар жана өнөктөштөр 2024-жылдын апрелинин ортосунда жана аягында 2 алдын ала сессияга катышып, алар көйгөйдү деталдуу изилдеп, уюштуруучулар менен өз идеяларын талкуулай алышат.

Белгилей кетсек, иш-чараны уюштуруу Бишкек шаарынын  мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Хакатонго катталуу үчүн төмөнкү шилтемеге өтсөңүз болот: https://forms.gle/X9hhdb7BNXcrpJpk6