Бишкек шаарында №78 мектеп-гимназиясынын базасында Кара-Кыргыз Автономиялуу Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган илимий конференция өттү.

Конференцияга КР Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты Тыныстан Арзыбаев, Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Бактыгулова катышты.

Иш-чарада окуучулар презентация жасап, катышуучуларга  Кара-Кыргыз Автономиялуу Республикасынын түзүлүшү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн булагы катары Кара-Кыргыз Автономиялуу Республикасынын калыптануу процесстерине кеңири токтолушту.

Иш-чара мектеп окуучуларынын концерттик программасы менен аяктады.