Бишкек шаарынын Бердибаев көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин үч жеринде чөгүп кеткени аныкталды.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жерине барып, текшерүү жүргүзүп, андан соң подряддык ишканага кемчиликтерди жоюу боюнча эскертме буйрук түзүлгөн.

Анда, подряддык ишкана септикти толтурууда тротуардын негизин кат-каттап таптаган эмес. 4 айдан кийин аталган жерде асфальт кармары чөгүп кеткен.

Кемчиликтерди жоюу боюнча эскертме буйрук келген соң, асфальт-бетон төшөлмөсүн ачуу, негизин казуу, кат-каттап таптоо жана асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, түзүлгөн келишимге ылайык, эгерде подряддык ишкана тарабынан өндүрүш технологиясын бузуунун натыйжасында кемчилик келип чыкса, капиталдык оңдоодон кийин  3 жыл ичинде өз каражатынын эсебинен кемчиликтерди жоюуга кепилдик берет.