Муниципалитетте  мэр Айбек Джунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү.

Күн тартибинде 2024-жылдын 28-мартында катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаалдын алкагында аткарылган иштер тууралуу отчет угулду.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Жусупов жабыркаган объектилердин саны тууралуу маалымат берди.

Ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамалдын кесепетинен 42 турак жай комплекси, 6 медициналык мекеме, 35 социалдык объект, 13 автоунаа, ошондой эле 101  башка объектилер (дүкөндөр, мончолор, электр чубалгылары, трансформаторлор, коммуналдык системалар) жабыркаган.  Тиешелүү шаардык кызматтар бул объектилерде ыкчам калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ар бир транспорт боюнча жекече иш жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында өзгөчө абал режими катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылууда.