Бишкек шаарында 2024-жылдын 23-29-март аралыгында  «Алай» спорт залында 2013-2014-жылдары туулган балдар арасында кичи футбол боюнча «Нооруз жаз кубогу» турнири болуп өттү.

Мелдешке  жалпысынан 8 команда катышып, жыйынтыгында жеңүүчү командалар төмөндөгүдөй аныкталды.

1-орун Дордой командасы;
2-орун ОРАБӨСОМ командасы;
3-орун Жалал-Абад командасы;
4-орун Каракол Арена командасы;
5-орун Асман командасы;
6-орун Кара-Суу командасы;
7-орун Алай командасы;
8-орун Виват командасы.

Турнирдин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана тиешелүү даражадагы кубоктор менен сыйланышты.


Белгилей кетсек,  иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен КР футзал ассоциациясы менен биргеликте уюштурду.