Борбор калаада майрамдык иш-чараларга байланыштуу шаардын борборунда унаа кыймылы жабылды.

Ошентип, жаз майрамы Ноорузду белгилөө учурунда Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсүнө багытталат.

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 2024-жылдын 18-мартынан 23-мартка караган түнү саат 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жана Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабылды.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишин түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөт.