Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы кечээки жаан-чачынга, байланыштуу чарбакер субъекттердин ээлери менен иш алып барып, аларга жанаша жайгашкан аймакты кар жана муздан өз убагында тазалоо боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Инспекторлор курчап турган аймакты  абалга келтирүү зарылдыгын эскертишти. Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында чарбакер субъекттер жолду кардан тазалашты.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык ишканалар, уюмдар, чарбакер субъекттердин ээлери жана турак үйлөрдүн менчик ээлери өз убагындаимараттардын чатырларын, тротуарларды кардан жана муздан өз убагында тазалоосу зарыл.

Убагында тазалоо шаар тургундарына жана конокторго ыңгайлуулукту жаратат жана  жаракат алуу коркунучун мүмкүн болушунча азайтат.

Белгилей кетсек, бардык жашоочулар менчигинин түрүнө карабастан 10 метр радиуста тазалыкты жана тартипти сакташы керек!