2024-жылдын 12-мартында Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасында жайгашкан Кырдаалдык борборго барышты.

Кыдыруу учурунда жаңыдан ишке кирген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасынын жана транспорт видеодетекторлорунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле борбордун функционалдык жана техникалык базасы көрсөтүлдү.

Шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулган жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системасынын иши онлайн режимде тааныштырылды.

Аталган Кырдаалдык борбордо жол чырактарды башкаруу жана жөнгө салуу, кесилиштерден транспорт агымы боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, долбоор «Sitronics Group» IT-компаниясы менен биргеликте ишке ашырылды.