Бишкек шаарында, №145 автобустун жана №192 кичи маршруттук таксинин кыймыл чиймесинин айрым бөлүгү өзгөрдү.

Белгилей кетсек, мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 кичи маршруттук таксинин кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол)“Бишкек автобекетине” чейин узарды.

Мындай өзгөрүү шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында орун алды.