Борбор калаанын төрт районунда Аялдардын эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Райондордун  акимдери айымдарды келе жаткан майрамы менен куттукташты.

Биринчи май районунда иш-чара №29 мектеп-гимназиясында өтүп, анда район башчысы Сарылбек уулу Улан куттуктоо  сөзүн айтып, чың ден соолук, кубаныч жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Кыргызстандын эмгек синирген артисттери: Каныкей, Съездбек Искеналиев, Айгул Чалова, ошондой эле «Шаттык» фольклордук ансамбли, «Кыргыз-руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли жана М.Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери көрүүчүлөргө эстен кеткис кубаныч тартуулады.

Иш-чаранын аягында ар бир катышуучуга эстелик белектер тапшырылды.

Октябрь районунда иш-чара «Таберик» залында өттү. Башчы Жаныбек Орозалиев өз сөзүндө биздин жашообуздагы эң жакшы жана жаркын нерселер аялдардан экенин белгиледи. Назиктик, сулуулук, сүйкүмдүүлүк, сүйүү жана гармония, эмоционалдык сезимталдуулук жана боорукердик аялзатына таандык.

Чакырылган конокторго концерттик программа тартууланып, эстелик белектер тапшырылды.

Ленин районунун аймагындагы №84 орто мектепте майрамдык концерт болуп, ага райондук кызматтардын жетекчилери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт тармагына эмгек сиңирген ишмерлери, мектеп, бала бакчалардын директорлору, райондун активисттери, кварталдык жана үй-бүлөлүк комитеттердин башчылары катышты.

Иш-чарада аким Жыргалбек Шакиев сөз сүйлөп, жалпы айымдарды келе жаткан жаз майрамы менен, ошондой эле райондун тургуну, өлкөбүздүн биринчи стюардессасы Бошумова  Тлеухор Изембековнаны  80 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Майрамдык салтанатта Султан Каримов, Кайрат Примбердиев сыяктуу белгилүү ырчылар жана «Кыргыз-Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар бардык айымдарга майрамдык маанай тартуулап, репертуарындагы мыкты ырларды аткарышты.

Кошумчалай кетсек, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Свердлов акимиаты тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында майрамдык концерт уюштурулду.

Чакырылган айымдарды Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов, райондун прокурору Азамат Бостонов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Байгазиев, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары куттукташты.

Иш-чарага жалпысынан 1000 аял чакырылган – булар эмгек ардагерлери, тыл эмгектери, баатыр энелер, райондун активисттери жана эмгек сиңирген ишмерлер. Алар үчүн эстрада жана опера жылдыздарынын, балдардын чыгармачылык борборунун бий топторунун катышуусунда кызыктуу концерт тартууланды. Ошондой эле эстелик белектер тапшырылды.