Бишкек шаарында 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды.

Эки айлык борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланат.

Көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандарды тартуу үчүн.

Белгилей кетсек, 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу тапшырылды.

Муниципалдык инспекцияга жана муниципалдык чарба башкармалыгына бекитилип берилген участоктордун абалына көзөмөлдү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдети тапшырылды.

Төрт райондорунун акимдерине МАБ менен биргеликте бекитилген участоктор, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактар менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларга катышууга чакырат!