“Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата "жаз жомогу" аттуу конкурс өткөрүлдү.

Борбордун кызматкерлеринин жана жашоочулардын катышуусу менен майрамдык сынак уюштурулду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Чоң энелер сынакка өзгөчө шыктануу менен катышышты. Бардык катышуучулар сунушталган тапшырмаларды активдүү аткарып, сыйлык алышты.

Командалар көркөм номерди, викториналарды, "жазгы фантазия" темасындагы салаттарды тартуулашты.

Маалымат: Бүгүнкү күндө “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 210 адам жашайт. Мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт. Алар кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектүү буюмдар менен толук камсыз кылынган.