Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайдын дубалына Ахматбек Сүйүмбаевге арналган мурал  пайда болду.

Ачылыш аземге Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов катышты.

Белгилей кетсек, мурал  КРнын Баатырынын элесин сактоо максатында жасалган. Демилге Ахматбек Сүйүмбаевдин балдарынын жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.