Борбор калаада маршруттук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Алсак, №136, 135-маршруттук каттамдардын кыймыл схемасы жана №48 автобустун багыты өзгөртүлдү.

Асаналиев көчөсүнө канализациялык коллектор төшөлүп жаткандыгына байланыштуу унаа кыймылы өзгөрдү.

Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап коюуну өтүнөт.