№ 84, 74, 79 жана 40 мектептерде балдар катуу тиричилик калдыктарын сорттоону үйрөншөт.

Окуучулар эми пластик, кагаз жана айнекти ачык түстөгү таштанды челектерге ыргыта алышат.

Окуучулар менен таштандыларды туура сорттоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жакында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзүнчө таштанды челектерин коюу пландалууда.  

Маалымат: долбоор Кыргыз Республикасынын президентинин "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда.