Бишкекте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Biexpo көргөзмө компаниясы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 17-Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун расмий ачылышы болду.

Форум эки эл аралык “MedExpo Kyrgyzstan” жана “Dental-Expo Kyrgyzstan” көргөзмөлөрүн бириктирди, ага 12 өлкөдөн 70тен ашык компания катышты.

Өз ара пайдалуу кызматташтыкты куруу максатында ар кайсы өлкөлөрдүн компаниялары диагностика, хирургия, реабилитация үчүн жабдууларды, медициналык техника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди, ошондой эле медицинанын көптөгөн багыттары боюнча түрдүү жабдууларды тартуулашты.

Көргөзмө 2023-жылдын 6-апрелине чейин уланат.