Биринчи май районунда жаңы жашыл көчөттөр пайда болду.

Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын (KICB) “Жашылдандыруу фонду” Эл аралык коомдук фондунун (IPF) “Роза Отунбаеванын демилгелери” колдоосу менен “Жашылдандыруу фонду” Ак-Босого жаңы конушундагы №101 мектептин аймагына жашылдандыруу иштерин жүргүздү. Экологиялык иш-чарага Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү катышты.

Буга катар эле, дүлөйлөр, азиздер жана начар уккандар үчүн мектеп-интернатында,  А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде, учурда да № 21; 73; 100; 103, 48 мектептеринде, № 172 балдар бакчасында жашыл көчөттөр отургузулууда.

Мындай жол менен 3000ден ашык ар кандай түрдөгү бак-дарактардын көчөттөрү жана тосмолор отургузулат.

Мындан тышкары, KICB билим берүү мекемелерине компьютердик жабдууларды жана балдар адабиятын тапшырды.

Белгилей кетсек, KICBнин демилгеси менен 2012-жылы Жашылдандыруу фонду түзүлүп, андан бери биргелешкен күч менен 17,5 миң бак-дарак отургузулган.

Көчөттөрдү тигүү аянтчалары жыл сайын экологдор тарабынан «Роза Отунбаеванын демилгесинин»  өкүлдөрү менен бирге аныкталат.