5-апрелден тарта борбор калаада троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт.

Тактап айтканда, 4-маршрут Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп,   андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.

7-каттам Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.

10-маршрут Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.

Троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутуңуздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранат.