Көрктөндүрүү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддердерди өткөрүүдө.

Инспекция  көбүнчө дөңгөлөктөрүн топурактан тазалабай курулуш объектисинен айдап чыккан курулуш уюмдарынын оор жүк ташуучу унааларынын жол курулуштарынын бузулушуна жана жолдорду булгаганына байланыштуу мыйзам бузууларды каттап келет.

Рейддин жүрүшүндө 20 компания  текшерилип, дээрлик бардык жерде бирден мыйзам бузуу катталган. Объекттин айланасында тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык төмөнкү ишканаларга 13 миң сомдон протоколдор түзүлдү: Үсөнбаев көчөсүндөгү “Скай Билдинг Инжинеринг”, Краснофлотская көчөсү  №11 дарегиндеги  «Ак шагыр», Ильменский көчөсү  №19 дарегиндеги  «Пионер плюс», Фрунзе көчөсү  №85/1 дарегиндеги  «Шаардык курулуш», Фучик көчөсү  №38 дарегиндеги  «Тагай Ата» жана Т.Фрунзе көчөсү №100 дарегиндеги  «Жаз строй».

Өндүрүштүк калдыктарын муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн 115-берененин негизинде Ы.Абдрахманов көчөсү №140 дарегиндеги «Старт Компани» ишканасына, Д.Сяопин №304 дарегинде  жайгашкан “Партнер Групп” тобуна 23 миң сом айып салынды.

Ал эми жолду булгагандыгы жана бузгандыгы үчүн 177-берене боюнча Көк-Жар конушундагы «Монолит Строй» ишканасына 17 миң сом протокол түзүлгөн.

Муниципалитеттин макулдугусуз өз алдынча жер казгандыгы  үчүн 179-берененин негизинде «Б.М.С.» ишканасына жана Горький көчөсү №188/1 дарегиндеги  "Адегине"  ишканасына 17 миң сомго протоколдор түзүлдү.

Инспекция айып пулдарынан тышкары «Альфа Недвижимость», «МС Билдинг», «Строй Сервис Плюс» компанияларына муниципалдык аймактарды көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышы боюнча эскертүүлөрдү берди.

Борбор калаанын мэриясы  көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталганда, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке тараптарга жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.