Октябрь акимиатында билим берүү борборунун өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, РИИБнын инспекторлору, №6 ҮМБнун медицина кызматкерлери, SOS «Балдар айылы», «Альтернатива» коомдук фондунун психологдорунун катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

16 материал каралып, анын ичинен 5 материал балдар иштери боюнча инспекциясынан  түшкөн. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери тарабынан 3 үй-бүлө каттоого алынган.

Балдарды коргоо боюнча жеке иштердин 2 планына өзгөртүүлөр киргизилип, 5 үй-бүлө каттоодон чыгарылып, жашы жете электерге тиешелүү турак жай, мүлктү сатууга уруксат берүү боюнча 1 маселе каралды.

Жалпысынан өткөн мезгил ичинде балдар иштери боюнча инспекциясынын 7 отуруму болуп, анда 62 материал каралган.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча 0 (132) 51-03-75 ишеним телефонуна кайрылыңыз.

Ошондой эле, балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу фактыларды билдирүү үчүн күнү-түнү иштеген 111 ишеним номерине кайрылыңыз.