Күн сайын Свердлов администрациясынын адистери, райондук салык кызматкерлери, РИИБнин кызматкерлери, муниципалдык инспекциянын инспекторлору, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте ири базарларда жана райондун борбордук көчөлөрүндө стихиялуу сооданы жоюу боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Текшерүү төмөнкү даректерде жүргүзүлдү:

- «Ак Эмир» базарында (Москва, Шопоков, Бөкөнбаев, Үсөнбаев көчөлөрү);
- «Аламүдүн-базары» (Курманжан Датка көч., Жибек-Жолу пр.);
- «Чынар» базарында (Салиева көч., Ауэзов көч., «Аламүдүн-1» кичи району);
- «Улар» кичи базарында (Чүй пр., «Чыгыш-5» кичирайону, «Изумруд» дүкөнүнүн жанында);
- «ЦУМ» соода борбору (Чүй пр., Абдрахманов көч., Шопоков көч.).

Рейддин жүрүшүндө 81 стихиялуу соода түйүнү жоюлду, 950 жарнама объектилери алынды.

Мындан тышкары, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 179 жана 434-беренелери боюнча 48 укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн. Жалпы суммасы 144 000 сомду түзөт.