Ленин районунун акими ээлеген кызматынан бошотулду

Ленин районунун акими Тагаев Русланбек Таштанбекович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Аким «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Тагаевдин жазуу жүзүндөгү арызына ылайык бошотулду.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.