Көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлыктын алкагында коомдук  транспорттордун айдоочулары да жазгы көрктөндүрүү иштерине кошулушту.

Өткөн ишембиде троллейбустардын, автобустардын жана кичи автобустардын маршруттук линияларынын акыркы пункттарында ишембилик өткөрүлдү жана контролдук-диспетчердик пункттардын аймагын тазалоо боюнча иштер уюштурулду.

Жыйынтыгында 32 контролдук-диспетчердик пункт тазаланды. Ишембиликке 700гө жакын айдоочу катышты.

Шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш жүргүзгөн жеке ташуучу фирмалар да активдүү катышты.

Борбор калаанын мэриясы тегерек-четтеги тазалыкка жана тартипке салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирет.