«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.

Бул сапар иш Свердлов районунун аймагындагы «Эне-Сай» конушунда жүрүп жатат.

Биз 78 светодиоддук чырактарды, 50 Вт жана 100 Вт жана ошол эле сандагы кронштейндерди орноттук.

Ошондой эле борбордун жарыктандыруучулары бийиктиги 9 метр болгон 21 темир-бетон мамыларды орнотушту.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

“Бишкекжарык" МИси социалдык тармактарда:

Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvett
Twitter: @Bishkeksvet