2-апрелде "Велосезон-2023" ачылышы болот.

Ачылыш Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, “Ала-Тоо” аянты – Д. Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багы маршруту боюнча өтөт.

Катышуучулар “Ала-Тоо” аянтынан саат 9:00дө башталып, Д.Асанов атындагы сейил багында саат 10:30да жыйынтыкталат.

Спорттук иш-чараны  Megacom компаниясы, “Велоfriends позитив KG” бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурат.

Веложарыштын  жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди бул иш-чарага катышып, көңүл ачууга чакырабыз!