"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жамоо иштерин улантууда.

Жумушчу топ Абдрахманов көчөсүндө Аул көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жолдогу кемчиликтерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жол белгилерин чийүү тобу төмөнкү кесилиштерде иштөөдө:

- М.Гвардия бульвары - Жибек-Жолу проспектиси;
- Махатма Ганди көчөсү - Боталиев көчөсү;
- Фучик көчөсү – Жибек - Жолу  проспектиси;
- Фучик көчөсү.

Ошондой эле, Ч.Айтматов проспектиси – Гагарин көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси – Токтоналиев көчөсү, Жибек Жолу проспектиси – Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги жол чийиндерин жана өтмөктөрдүн боёкторун жаңыртып жатабыз.

Урматтуу бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландап алууну суранабыз.