Борбор калаанын мектептеринде салтка айланган коңгуроонун ордуна күү жаңырат.
Эми окуучулар кадимки коңгуроонун ордуна күү жаңырганда тыныгууга чыгышат.
Долбоордун максаты - балдарды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенге болгон сүйүүнү арттыруу болуп саналат.
Билим берүү уюмдары окуучуларды кыргыз элинин тарыхы, адабияты, каада-салты менен тааныштыруу максатында Нурак Абдрахманов, Асылбек Насридинов, Закирбек Дүйшөналиев сыяктуу залкар композиторлордун жана комузчулардын күүлөрүн тандап алышкан.
Долбоор №3, 51, 93, 95, 96, 97,99, 100 мектептерде ишке ашырылды.
Программа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.