16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси өтөт.

Жарманкени КРнын Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.

Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат.

Иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Баарыңыздарды дипломатиялык жарманкеге келип, кайрымдуулук акциясын колдоого чакырабыз.