“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу, жол сызыктарын чийүү, жолдорду жамоо жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Учурда, Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн  Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Абдрахманов көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн Совет көчөсүнө чейинки тилкеге (жолдун чыгыш тарабына) жана Горький көчөсүнөн  Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугу жана шаардын эстетикалык көрүнүшү үчүн Ч.Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденциядан  Масалиев көчөсүнө чейинки жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! «Бишкекасфальтсервис» МИнин иши боюнча суроолорду instagram социалдык тармагындагы баракчага жөнөтсөңүздөр болот: mp_bishkekasfaltservis.