Борбор калаанын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды.

Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Дайындоо «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин  «Муниципалдык кадрлар резервине кирүү жөнүндө» буйругуна ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.