Свердлов районунун акимиаты жаш шаар тургундарын Свердлов районундагы балдардын чыгармачылык борборунда улуттук прикладдык искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстарга катышууга чакырат.
Балдар менен ата-энелердин түгөй катышуусуна арналган мастер-класстар ар жума күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү график боюнча өткөрүлөт.
17- март – "Чий чырмакчылык "
24 -март – "Өнөр kg" (кийизден жасоо")
31 -март – "Көркөм моделдөө" (чопо)
7 -апрель – "Кыргыз оймосу" (кийиздөө)
14- апрель – "Чебер даркан" (комуз жасоо тарыхы)
21-апрель - "Мурас" ( улуттук сувенирлерди чыгаруу)
Катышуучулардын саны чектелген, андыктан катышуу үчүн алдын ала жазылуу керек:
Сулайманова Нагима Асеиновна 0500606509
Кругляков Анатолий Николаевич 0555696209
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын бекитүү тууралуу” Жарлыгын алкагында, улуттук каада-салттарды сактоо максатында, ошондой эле Нооруз майрамын белгилөөнүн алкагында уюштурулууда.