2023-жылдын 16-мартында турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну саат 9.00дөн 20:00 гө чейин берүү токтотулат.
Өчүрүү району көчөлөрү менен чектелет:
Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү - темир жол, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында.
«Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.