Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембиликтер болуп өттү.

Ишембиликке болжол менен 15769 миң адам жана 477ден ашык уюмдар жана мекемелер катышты.

Шаардын бардык төрт районунда ишембиликке райондун жашоочулары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, райондун бардык кызматтарынын кызматкерлери, ЖОЖдын студенттери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбакер субъекттер активдүү катышышты.

Ишембиликте 338 көчөт отургузулуп, анын ичинен 220 бадал жана 73 ийне жалбырактуу дарак тигилди.  130,5 м3 таштанды чыгарылды.