Бүгүн, 11-мартта түнкүсүн Бишкек шаарында жылуулук өчүрүлөт.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү  температуранын төмөндөшү болбот жана кескин суук болушу күтүлбөйт.

Бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо атайын кызматтар жылуулукту өчүрөт.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада 2022-2023-жылдардагы жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча 2023-жылдын 10-мартындагы №53-р жарлыгына кол койду.